> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 6795 үй-бүлө батир алды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/17/mamlekettik-ipotekalyk-kompaniya-arkyluu-j-b-l-l-rd-n-3-5-y-gana-batir-aldy/
- Published: 2022-06-17T12:10:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 39 миң арыз катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.**

Жээмбаевдин айтымында, жалпысынан **6795 үй-бүлө 6.9 млрд сомдук** ипотека алды. Азыр электрондук порталда 39 миң арыз катталып, 12 миң 234 үй-бүлө ипотекага макулдук алса, алардын ичинен 3 770 үй-бүлө банктардын электрондук кезегине турду. Акча берилгенден кийин алардын кезеги жылат. 

> Ипотека эки багыт боюнча берилет: **“Жеңилдетилген ипотека” – 4% менен** (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) жана **“Арзан ипотека” – 8%** (жарандардын бардык категориялары үчүн).

Депутат Акбөкөн Таштанбеков былтыр жана быйыл 4%дык ипотека аркылуу канча адам үй алганын сурады.

> “Былтыр октябрь айында жаңы программа ишке киргенден бери **1 миң 372 адам 3.1 млрд сом** алды. Анын ичинде 2021-жылы 732 жаран турак жай сатып алды, 2022-жылы болсо – 640 адам насыяны алды. 125 үй-бүлө 8%дык ипотека алды”, – деп жооп берди Жээмбаев. 

Темир-бетон жана кирпичтен салынган үйдүн баасы 520 долларды, панелдик үйдүкү – 370 долларды түзөт.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ипотеканы алууну каалаган жарандар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

- Кыргызстандын жараны болуу;
- кредитти алуу жана акыркы төлөө учурунда 21-70 жашта болуу;
- бир уюмда бир жылдан кем эмес иштөө же жалпы иш стажы – 2 жылдан кем эмес;
- арыз берүүчүнүн өзүнүн турак жайы болбошу керек;
- акыркы 3 жылда кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзбөгөн болушу керек;
- төлөө үчүн кирешенин болушу;
- тандалып алынган үй иштеген жеринен 60 км радиуста жайгашуусу тийиш.