> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Россияда жок «Кока-Коланы» Кыргызстан жеткирип жатабы?
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/134373/
- Published: 2022-06-20T18:03:28.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:14:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын кээ бир шаарларында Кыргызстанда чыгарылган Coca-Cola ичимдиктери байкалган. Бул тууралуу [kyrgyznews ](https://www.instagram.com/p/Ce-4PXVLHKe/?igshid=YmMyMTA2M2Y=)жаңылыктар баракчасы билдирген.**

Сатып алуучулар бөтөлкөнүн сыртында “Классическая” деген жазуу менен бирге “Классикалык”, ошондой эле “Бишкекте чыгарылган” деген жазууларды байкашкан. Кардарлар даамы Россияда чыгарылган коладан эч айырмасы жок экендиги айтышкан.

Эскерте кетсек, 16-июнда Coca-Cola компаниясы Россиядагы 10 заводунун ишин токтотконун билдирген.

> Бишкекте жайгашкан “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” компаниясынын басма сөз кызматы бул жагдай тууралуу жана коңшу өлкөлөргө продукция экспорттоо боюнча эч кандай комментарий азырынча бере албасын, башкы офистен расмий билдирүү боло элегин айтып жооп беришти.

“Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК заводу Coca-Cola, Fanta, Sprite ичимдиктерин, ширелерди, ошондой эле Bonaqua суусун чыгарат.