> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 300 автобус таштандыга кетет
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/300-avtobus-tashtandyga-ketet/
- Published: 2022-06-20T13:26:43.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын территориясын бошотуу үчүн эски автобустарды эсептен чыгаруу башталды. Бул тууралуу [kaktus.media](https://kaktus.media/doc/462034%5Fvzglianite%5Fna%5Feto%5Fkladbishe%5Favtobysov%5Fv%5Fposledniy%5Fraz.%5Fih%5Fnachali%5Fspisyvat%5Fvideo.html) сайтына Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы билдирген.**

Бардык документтер муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө тапшырылган. Ал комиссия түзүп, анын биринчи жыйыны бүгүн өтмөкчү. Чогулушта автобустардан арылуу маселеси: аукциондо сатылабы же эсептен чыгарылабы, ошол чечилет. 

> “300 автобустун документтерин даярдап койдук. Мэриянын карамагында 476 автобус болсо, анын 85-100ү гана ишке жарактуу”, – деп билдирген бөлүм башчысы Максат Нусувалиев. 

Белгиленгендей, шаар 1200-1500 автобуска муктаж. Азыр 90 муниципалдык жана 100 жеке автобус, ошондой эле 130 троллейбус каттамда жүрөт.