> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Авиа Траффик» авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга күн сайын каттайт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/avia-traffik-aviakompaniyasy-bishkekten-almatyga-k-n-sajyn-kattajt/
- Published: 2022-06-20T15:14:01.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ата мекендик “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы Бишкектен Алматыга жаңы рейс ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) билдирди.** 

Бүгүн, 20-июлдан тартып, Avia Traffic авиакомпаниясы Бишкек-Алматы-Бишкек багыты боюнча кезектеги аба каттамын ачты. Каттамдар **күн сайын** жүрөт. 

> Белгилей кетсек, бул каттам ишке киргенге чейин Алматы менен Бишкектин ортосундагы каттамдарды узак убакыт бою бир гана казакстандык **Air Astana** авиакомпаниясы аткарып келген. 

Эске салсак, Казакстан пандемияга байланыштуу киргизилген чет элдиктердин кирүүсүнө чектөөлөрдү 11-апрелден тартып алып салган, ал эми 8-июндан баштап өлкөгө киргендердин ПЦР тесттери жана эмдөө паспорттору кереги жок.