> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бөкөнтаев Улуттук банк кантип акча таап, канчасын бюджетке төгөрүн айтты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/b-k-ntaev-uluttuk-bank-kantip-akcha-taap-kanchasyn-bjudzhetke-t-g-r-n-ajtty/
- Published: 2022-06-20T11:54:26.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын кирешелери – бул чет өлкө валютасы жана алтын менен жүргүзгөн операциялардан алынган кирешелер, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздардан жана башкалардан алынган пайыздык кирешелер. Бул тууралуу Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев [24.kg](https://24.kg/ekonomika/237277%5Fkubanyichbek%5Fbokontaev%5Fopribyili%5Fnatsbanka%5Fnovyih%5Fzakonah%5Fivyisokih%5Fzarplatah/) агенттигине берген маегинде айтып берди.**

Ал түшүндүргөндөй, Улуттук банктын чыгашаларына: регулятордун ноталарына, банктар жана башка финансы институттарынын каражаттарына, ЭВФтен алынган милдеттенмелерге пайыздарды төлөөгө кеткен чыгымдар кирет. Ошондой эле активдер боюнча резервдерди түзүүгө, банкноталарды жана монеталарды чыгарууга кеткен чыгымдар, административдик, комиссиялык жана башка чыгашалар бар.

Бөкөнтаев ошондой эле Улуттук банк алган кирешесинен өлкө бюджетине канча каражат которорун түшүндүрдү.

> «Мыйзамга ылайык, эгерде Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин өлчөмү акчалай милдеттенмелердин 10%дан азын түзсө, анда пайданын 70% бюджетке төгүлөт. Эгерде уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы 10%дан ашык болсо, анда бүт пайда бюджетке “кетет”. Бюджетти колдоо үчүн чегерүүлөрдүн көлөмү көбөйтүлгөн.
> 
> 2017, 2018 жана 2020-жылдары 70%дын ордуна 90%, 2019-жылы 70%дын ордуна 100% түзгөн.
> 
> Депутаттар “Улуттук банктын кирешесин которуу маселелери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алышты. Алар 2021-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешесинин 90%ы бюджетке төгүлүшү керек деп чечишти», – деп түшүндүрдү Кубанычбек Бөкөнтаев.