> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/byjyl-londondo-kyrgyz-britan-investiciyalyk-forumu-t-t/
- Published: 2022-06-20T16:26:05.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйыл Лондондо кыргыз-британ инвестициялык форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда, Бишкекте өткөн эки тараптуу кызматташуу боюнча биринчи кыргыз-британ министрликтер аралык консультацияла учурунда айтылды.**

Бишкекте эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин делегациялары инвестициялык форумду уюштурууну, ошондой эле **Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо**, продукциянын сапаты, сертификация жана продукцияны жаңы рынокторго алып чыгуу боюнча **кыргызстандык ишкерлерди окутуу** боюнча долбоорлорду талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттары катары **айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм** белгиленди.

> «Эки тарап ошондой эле КР жарандарын Улуу Британияда азыркы келишим боюнча ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты. Кыргыз тарап **Бишкекте Улуу Британиянын виза борборун ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну** өтүндү», – деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/458a83ad-5f86-3246-9e83-d095ae8f7a2e-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/458a83ad-5f86-3246-9e83-d095ae8f7a2e.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/9c312494-ac02-31d6-8d4a-8d23f8a45c0c-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/9c312494-ac02-31d6-8d4a-8d23f8a45c0c.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/eb6e7f82-f091-3ce5-866b-b8f99295aaeb-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/eb6e7f82-f091-3ce5-866b-b8f99295aaeb.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/852e1640-0fa1-3088-9fd5-fbe689d94598-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/852e1640-0fa1-3088-9fd5-fbe689d94598.jpeg)