> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Газпромбанк» Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасын каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/20/gazprombank-kyrgyzstandyn-mamlekettik-satyp-aluular-programmasyn-karzhylajt/
- Published: 2022-06-20T16:37:24.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар программасы россиялык “Газпромбанк” тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумда КР министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана «Газпромбанк» ААКнын ортосунда жолугушуу болуп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

> «Банк Россияда өндүрүлгөн товарларды сатып алуу үчүн КР Финансы министрлигин түз каржылоо маселесин карайт жана ыйгарым укуктуу банктар менен бирдикте алардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйт», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн Кыргызстанга рейтингдик консалтинг тармагындагы кызматтар көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, эки тарап биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен семинарларды жана конференцияларды өткөрүүнү пландаштырышты.