Яндекс Go Кыргызстанда корпоративдик сервисти ишке киргизди

Эми Бишкек жана Ош шаарларындагы компаниялар Yandex Go такси кызматын бизнес үчүн колдоно алышат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган сервис кызматкерлердин такси чакыруусун жеңилдетет: алар мобилдик колдонмо аркылуу унаага телефон чалып, ар бир сапар үчүн бухгалтердик отчет тапшыруудан бошойт. Ошондой эле, бул кызмат конокторду же бизнес-өнөктөштөрдү тосуп алуу керек болгондо пайдалуу.

Компания кызматкерди программага туташтырат жана анын колдонмосунда “Корпоративдик эсеп” аталган төлөө ыкмасы пайда болот. Кызматкер адаттагыдай эле унаага буйрутма берет, ал эми акча сапардын аягында компаниянын эсебинен автоматтык түрдө алынат.

Ар бир кызматкер үчүн акча чегин коюп, ага жеткиликтүү тарифтерди тандаса болот. Бардык буйрутмалардын маршруттарын жана баасын компаниянын жеке кабинетинен онлайн-режимде көрүүгө болот.

«Биздин продуктту колдонуп, чоң-кичине компаниялар өз кызматкерлерин тааныш колдонмо аркылуу корпоративдик такси менен камсыздай алат. Ал эми менеджерлер мындан ары кызматкерлердин жана өнөктөштөрдүн жол чыгымдары жөнүндө ойлонбой калышат: бардык чыгашалар алдын ала болжолдонгон жана ар бир сапар үчүн отчетторду чогултуунун кереги жок.  Жеке кабинетте баары көрүнүп турат. Биз Кыргызстандын ишкерлери чындап эле бул кызматты күтүшкөнүн көрдүк, кардарлардан арыздар дароо түшө баштады», – дейт Yandex Go эл аралык B2B сервистеринин жетекчиси Грайр Аджемян.

Бардык суроолор боюнча корпоративдик кардарлар атайын колдоо кызматына же жеке менеджерге кайрыла алышат. Кызматка кошулуу үчүн сайтта арыз жазыш керек.