> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматынын жыйымдары 1.5 эсеге – 23.4 млрд сомго чейин өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/21/bazhy-kyzmatynyn-zhyjymdary-1-5-esege-23-4-mlrd-somgo-chejin-st/
- Published: 2022-06-21T11:46:09.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын январь-май айларындагы Бажы кызматынын жыйымдары 23 млрд 408 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1.5 эсеге көп болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, Бажы кызматы башкарган киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **7 млрд 589 млн сомго көбөйгөн** же өсүү темпи 148%ды түзгөн.

> Бажылык жана башка төлөмдөр боюнча план аткарылдыбы же жокпу, аны Финансы министрлиги тактаган жок.