> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕЭК Кеңеши кумшекерди импорттоого бажы алымдарын алып салуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/21/eek-ke-eshi-kumshekerdi-importtoogo-bazhy-alymdaryn-n-lg-t-sh-r-m-n-t-n-31-oktyabrga-chejin-uzartty/
- Published: 2022-06-21T15:58:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:46:01.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Кыргызстандын территориясына ак кумшекер жана чийки шекер ташып келүү үчүн бажы алымдарын жок кылуу мөөнөтүн 31-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалым болгондой, 21-июнда Минск шаарында ЕЭК Кеңешинин кезексиз жыйыны өттү.

> «Кеңешменин жыйынтыгы боюнча айыл чарба техникасынын айрым түрлөрүнө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин импорттук бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө чечими кабыл алынды», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринен киргизилген жеке автотранспорт каражаттарын шашылыш кызматын чакыруу системалары/каражаттары менен жабдылоо жөнүндөгү Бажы биримдигинин комиссиясынын чечимине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти бекитилди. Анда пландык контролду сертификациялоонун мөөнөтү 2022-жылга туш келсе, тиешелүү орган (арыз боюнча) кийинкиге жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде технологиялык процесс өзгөргөн эмес болсо, мындай көзөмөл 12 айга чейин кийинкиге жылдырылат.