> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин депутаттары Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларына барышты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/21/otun-energetikalyk-kompleks-bojuncha-komitettin-deputattary-zhalal-abad-oblusundagy-too-ken-ishkanalaryna-baryshty/
- Published: 2022-06-21T17:33:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:10:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенине жана Куру-Тегерек кенине барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.**

КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Иш-чарага комитеттин мүчөлөрү, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана КР Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышууда.

Иш сапардын экинчи күнү, 20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан **Жамгыр алтын кенине** барышты. Кен 1985-жылы ачылган. 2003-жылдан бери кенди казакстандык **«Вертекс Голд Компани»** жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барат . 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запастары: **руда – 1773 миң тонна, алтын – 10744.63 кг,** алтындын орточо өлчөмү 6.06 г/т.

Андан ары депутаттар Чаткал районунун аймагында жайгашкан **Куру-Тегерек кенин** иштетип жаткан кытайлык **«Кичи-Чаарат»** жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Кен 1960-жылы табылган. 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запасы: **жез – 347236 тонна, алтын – 38543.273 кг, күмүш – 151510 кг** түзөт.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү тоо-кен тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу зарылдыгын айтып, кадр саясатын ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Ошондой эле «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсынын жана «Кичи-Чаарат» ЖАКсынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу, жергиликтүү тургундарды ишке орноштуруу тууралуу маселелер көтөрүлдү. Чаткалдыктар жергиликтүү коомчулуктун пикирин жана кызыкчылыгын эске алып, тоо-кен тармагын жөнгө салууга багытталган мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/210622114944_photo5296572168307588508-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/210622114944%5Fphoto5296572168307588508-1024x768.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/210622114912_photo5296572168307588554-1-1024x768.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/210622114912%5Fphoto5296572168307588554-1.jpg)