> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 50 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/22/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstandagy-chakan-zhana-orto-biznesti-koldoo-ch-n-koshumcha-50-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-06-22T15:35:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:31:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк микро, кичи жана орто ишканаларга (МОБ) кошумча 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги уюштурган тегерек столдун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки билдирди.**

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өз сөзүндө финмин Дүйнөлүк банк менен биргеликте “Чакан жана орто бизнести тез арада колдоо” долбоорунун каржылык колдоосунун экинчи фазасын иштеп чыкканын, анын суммасы **50 млн долларды** түзгөнүн баса белгиледи. Анын 25 миллиону Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты, дагы 25 млн доллары кредитке берилген.

> «Кошумча каржылоону алуу боюнча буга чейин Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимге кол коюлган, биз аны жакында **Жогорку Кеңештин ратификациялоосуна** алып чыгабыз», – деди Татиков.

Эмико Тодороки өз кезегинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын антикризистик планына финансылык колдоо көрсөткөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

> «Биз кошумча каржылоо боюнча чечимди жакында, ушул жылдын 29-апрелинде кабыл алганбыз жана парламенттин ратификациясын күтүп жатабыз. Бул 50 млн доллар Кыргызстандын бизнеси кризиске туруштук берип гана тим болбой, **андан ары өнүксүн** деп кошулуп жатат», – деди ал.