> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ККМ колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык чек берүүгө милдеттүү - Салык кызматы
- URL: https://im.kg/all/2022/06/22/kkm-koldongon-ishkerler-kardarlarga-kassalyk-chek-ber-g-mildett-salyk-kyzmaty/
- Published: 2022-06-22T10:48:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:35:59.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Акыркы жумада салык органдарына айрым соода түйүндөрүндө сатып алуу же көрсөтүлгөн кызмат үчүн кассалык чек берилбей жатканына** **жарандардан даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, кассалык машиналарды колдонуу милдети жокко чыгарылды деп, кассалык чек берүүнү токтотушкан.**

Буга байланыштуу Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жокко чыгарыла электигин жана аларды колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чектерди берүүгө милдеттүү экендигин билдирди.

> Мындан тышкары, чектер сатып алуучу талап кылганга чейин берилиши керек.