ККМ колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык чек берүүгө милдеттүү - Салык кызматы

Акыркы жумада салык органдарына айрым соода түйүндөрүндө сатып алуу же көрсөтүлгөн кызмат үчүн кассалык чек берилбей жатканына жарандардан даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, кассалык машиналарды колдонуу милдети жокко чыгарылды деп, кассалык чек берүүнү токтотушкан.

Буга байланыштуу Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жокко чыгарыла электигин жана аларды колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чектерди берүүгө милдеттүү экендигин билдирди.

Мындан тышкары, чектер сатып алуучу талап кылганга чейин берилиши керек.