> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан – дээрлик он миңдеген мөңгүнүн мекени. Акыркы 20 жылдын ичинде алар кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз – Садыр Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/06/22/kyrgyzstan-deerlik-on-mi-degen-m-g-n-n-mekeni-akyrky-20-zhyldyn-ichinde-kajra-kalybyna-kelbegidej-erigenine-k-b-boluudabyz-sadyr-zhaparov/
- Published: 2022-06-22T13:13:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн”, – деп билдирди президент Садыр Жапаров The Independent британ басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы жазат.**

Мамлекет башчысы өзүнүн интервьюсунда **климаттын өзгөрүшүнүн тоолуу мамлекеттердин элдерине тийгизген катуу таасири** көп учурларда **көз жаздымда калып жатканын** айтты.

> “Бул өзгөчө тоолуу өлкөлөргө тиешелүү, анткени бул көйгөйлөр тоолуу аймактар үчүн кыйла динамикалуу жана спецификалык мүнөзгө ээ: мөңгүлөрдүн эриши менен табигый суу запасынын азайышы орду толгус кырсыкка алып келиши мүмкүн.
> 
> Мына ошондуктан эл аралык коомчулук **климаттын өзгөрүшүнөн улам катуу жапа чеккен өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурушу зарыл** жана климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүдө **«климаттык адилеттүүлүк» концепциясынын маанилүүлүгүн эске алуусу кажет**.
> 
> Кыргызстан – дээрлик **он миңдеген мөңгүнүн** мекени. Акыркы жыйырма жылдын ичинде биз суу ресурстарынын акырындык менен азайышына алып келген кылым карыткан **мөңгүлөрдүн кайра калыбына келбегидей эригенине күбө болуудабыз»**, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, окумуштуулар глобалдык ысуунун айынан 2050-2075-жылдарга чейин Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 70%ы эрип жок болушу мүмкүн экенин [айтышкан](https://kloop.kg/blog/2012/10/26/nemetskaya-volna-kirgizskie-ledniki-tayut-vse-by-stree/).