> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 300 млн долларга метан куюучу станцияларды куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/06/22/kyrgyzstanda-300-mln-dollarga-metan-kujuuchu-stanciyalardy-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2022-06-22T15:18:27.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:21.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда метан газын куюучу жайлардын инфраструктурасын түзүүгө 300 млн доллардык инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын Инвестициялык агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Бул долбоор агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардиновдун Carousel Bio Energy компаниясынын негиздөөчүсү Жафар Хилали менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда **табигый метан газын куюучу станцияларды куруу**, ошондой эле транспортко газ баллондук жабдууларды орнотуу, мотор майын өндүрүү боюнча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды, деп белгиледи агенттик.

> Бул долбоорду ишке ашыруу – айдоочулардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтып, экологияны сактоого оң таасирин тийгизет. **Долбоордун алдын ала баасы 300 млн долларды түзөт**.

Carousel Bio Energy [сайтында ](https://www.cbioe.com/)бул Лондондо жайгашкан таза энергия менен соода кылуучу компания экени айтылат. “Дүйнө айлана-чөйрөгө көбүрөөк кам көрө баштады, биз да альтернативдик энергия булактарын камсыз кылуу менен, казылып алынчу отундарды колдонууну азайтууга жардам бергибиз келет”, – деп белгилейт компания.