> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык 15 спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен айына 500 доллардык стипендия алат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/22/kyrgyzstandyk-15-sportsmen-el-aralyk-olimpiada-komitetinen-ajyna-500-dollardyk-stipendiya-alyshat/
- Published: 2022-06-22T11:46:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:34:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Олимпиадалык спорт түрлөрүнө катышкан 15 алдыңкы кыргызстандык спортчу Эл аралык Олимпиада комитетинен ай сайын стипендия алмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети билдирди.**

КР УОКтун маалыматы боюнча, стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт. Спортчулар айына 500 доллардан алышат.

> «Быйыл КР УОКтун аракети менен спортчулардын тизмеси дээрлик эки эсеге көбөйдү», – деп белгилешти комитеттен.

Стипендия алчу спортчулардын тизмеси:

Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;  
Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;  
Алибек Осмонов – эркин күрөш;  
Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;  
Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;  
Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;  
Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;  
Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;  
Калмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;  
Владимир Золоев – дзюдо;  
Нурсултан Кеңешбеков – жеңил атлетика;  
Гүлшаной Сатарова – жеңил атлетика;  
Денис Петрашов – сууда сүзүү;  
Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;  
Нурадин Рустамбек уулу – бокс.