> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ТЭЦине 1 млн тоннадан ашык көмүр сатып алууга жакында тендер жарыяланат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/23/bishkek-tecine-1-mln-tonnadan-ashyk-k-m-r-satyp-aluuga-zhakynda-tender-zharyyalanat/
- Published: 2022-06-23T12:32:32.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жакынкы арада Бишкек ТЭЦине 1 млн 50 миң тонна көмүрдүн ири партиясын сатып алуу боюнча тендер жарыялоо пландалууда. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Электр станциялары» ААКтын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.**

Бул тендер жергиликтүү Кара-Кече көмүр кенинен 2022/2023-жылдардын жылытуу мезгилине карата көмүр сатып алууга багытталган. Кийинчерээк дагы бир сынак жарыяланмакчы.

> «Жеткирүүчү ишкана менен келишим түзүлөрү менен, Бишкек ТЭЦине көмүр ташыла баштайт. 22-июнга карата ТЭЦтин территориясында **222 миң тоннадан ашык көмүр бар**, бул көлөм ТЭЦтин иштерине ашыгы менен жетет, андан кийин Кара-Кечеден көмүр келе баштайт», – деди Айдаралиева.

Эске салсак, өткөн жылытуу мезгилинде Бишкек ТЭЦинин көмүргө болгон муктаждыгы **1 млн 650 миң тоннаны** түзгөн. Бир млн тоннага жакыны Кара-Кечеден, калганы Казакстандан ташылып келген.