> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/23/shvejcariya-naryn-shaarynyn-infrastrukturasyn-n-kt-r-g-6-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-06-23T12:09:29.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Швейцария «Нарын шаарынын туруктуулугу» долбооруна 6 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцария элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> Каражат Нарын шаарынын калкына жардам берүүгө, инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүүгө жумшалары белгиленген. Муну менен Нарынды климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсык коркунучтарына туруктуураак кылууну пландаштырууда.

Бул беш жылдык долбоорду Нарын муниципалитети жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы ишке ашырышат.

Эске салсак, буга чейин Швейцария элчилиги Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочулары үчүн 10 жылдык долбоорго 9 млн доллар бөлөрүн билдирген.