> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Текстиль Транс» кездеме чыгарууну 2.5 эсе көбөйтөт  — ОКӨФ дагы насыя берди
- URL: https://im.kg/all/2022/06/23/tekstil-trans-kezdeme-chygaruunu-2-5-ese-k-b-jt-t-ok-f-dagy-nasyya-berdi/
- Published: 2022-06-23T15:30:52.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандагы ири өнөр жай ишканаларынын бири “Текстиль Транс” фабрикасы өндүрүшүн 2.5 эсеге кеңейтүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен жеңилдетилген насыя бөлүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Долбоордун биринчи этабында **суткасына 10 тонна кездеме** чыгаруучу текстиль фабрикасын куруу каралган эле. Долбоор ОКӨФ колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашып, Токмокто текстиль фабрикасы иштей баштады.

> Экинчи этаптын алкагында фабриканын өндүрүмдүүлүгү **2.5 эсеге — суткасына 25 тонна кездемеге** **чейин** жогорулайт. Бул максатта ОКӨФ тарабынан **7.5 млн доллар** бөлүнөт. Ошондой эле фабрикада кошумча 200 жумушчу орун түзүлүп, чыккан продукция **жергиликтүү кийим тигүүчү ишканалардын трикотаж кездемеге болгон суроо-талабынын үчтөн эки бөлүгүн жабат**. Салык төлөмдөрү да көбөйөт.