> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акча которуулардын азайышы токтоду – апрель айында каражаттар агымы 18%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/akcha-kotoruulardyn-azajyshy-toktodu-aprel-ajynda-karazhattar-agymy-18-ga-st/
- Published: 2022-06-24T17:00:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Апрель айында Кыргызстанга акча которуулардын агымы 18%га көбөйүп, 255.2 млн долларды түздү, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 216.2 млн долларды түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирди.**

Эң чоң көлөмдөгү акча которуулар 242.3 млн доллар суммасында **Россиядан** түшүп, 2021-жылдын апрелине салыштырмалуу **14%га өскөн**.

Экинчи орунда болсо Кыргызстанга акча которуулар боюнча **АКШ** турат, ал жактан апрель айында 5.2 млн доллар түшкөн, өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу **2.2 эсеге өскөн**.

Калган башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга 7.7 млн доллар суммасындагы акча которулган.

> Белгилей кетсек, жыл башынан бери (январь-апрель) Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү **773.1 млн долларды** түзгөн **(+1.8%)**, ал эми 2021-жылдын ушул эле айларында 759.2 млн доллар келген.