> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте казиного каршы митингге чыккандар президенттен мыйзам долбооруна вето коюуну суранышты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/bishkekte-kazinogo-karshy-mitingge-chykkandar-prezidentten-myjzam-dolbooruna-veto-kojuunu-suranyp-zhatyshat/
- Published: 2022-06-24T17:34:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:29:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда бүгүн, 24-июнда, Горький атындагы скверде кумар оюндарын легалдаштыруу боюнча кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна каршы дагы бир акция өткөнүн “Азаттык радиосу” билдирди.**

Акциянын катышуучулары мыйзам долбоорунун парламент тарабынан кабыл алынышын мыйзамсыз деп таап, добуш берүү учурунда депутаттар тарабынан регламент бузулганын белгилешти.

Казино ачууга каршы болгондор президент Садыр Жапаровго **мыйзам долбооруна вето коюу** чакырыгы менен кайрылышкан.

> «Сиз кол койсоңуз, миң эненин көз жашы төгүлөт, миңдеген үй-бүлөлөр талкаланат. Бул мыйзам долбоорун **Конституцияга каршы** келет деп таануу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы жатабыз», – деди митингчилердин бири Акжолтой Тукунов.

> Казино ачууга каршы дагы бир жаран Азат Аманов мыйзам долбоору **коомдук талкуудан өтпөгөнүн**, жарандарга өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилбегенин белгиледи.