> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл селдер 174 млн сомдон ашык зыян келтирди
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/byjyl-selder-174-mln-somdon-ashyk-zyyan-keltirdi/
- Published: 2022-06-24T15:36:59.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаздан бери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргөн селдер 2.5 миңден ашык үйдү каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди, деп жазат [azattyk](https://rus.azattyk.org/a/31913053.html).**

Анын айтымында, 649 үйдү суу каптап, анын ичинен 61 үй жашоого жараксыз болуп калган, 100 үй капиталдык оңдоого муктаж.

Селдер келтирген **жалпы зыян 174 млн сомду түзгөн**. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле Талас жана Чүй облустарынын айылдарындагы селдер келдирген чыгымдар статистикага азырынча киргизиле элек.

> «Быйыл мурунку жылдарга салыштырмалуу жаан-чачын көп болду, табигый кырсыктар 1.5-2 эсе көп катталды. Ошондуктан туристтик сезон 10-15 күнгө кечигип башталды», – деди Кулматов.

Селден жабыркаган жарандарды колдоо үчүн **бюджеттен 52 млн сом бөлүнгөн**.

Май айында Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында жүргөн селдин кесепетинен турак үйлөр гана эмес, айдоо аянттары да жабыркап, айрым учурларда мал-жандыктарды да суу агызып кеткен.