> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын орточо айлыгы 22 миң сомго жетти – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/kyrgyzstandyktardyn-ortocho-ajlygy-22-mi-somgo-zhetti-uluttuk-statistikalyk-komitet/
- Published: 2022-06-24T09:51:28.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-апрель айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 22 084 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.**

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **номиналдык орточо айлык 16.8%га өстү** – 2021-жылдын январь-апрель айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 909 сом алышкан.

> **Реалдуу эмгек акы** (инфляцияны эсепке алганда) январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **3.9%га гана өскөн**.