> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пайызсыз кредит 3 млн сомго чейин бериле баштайт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/pajyzsyz-kredit-3-mln-somgo-chejin-berile-bashtajt/
- Published: 2022-06-24T10:06:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Микро, кичи жана орто ишканаларды тез арада колдоо” долбоорунун алкагында үстөксүз кредиттердин максималдуу өлчөмү кичи жана орто бизнес үчүн 3 млн сомго, микробизнес үчүн 1 млн сомго чейин көбөйтүлөт. Ал эми кайтаруу мөөнөтүн болсо үч жылга чейин узартуу пландалууда. Бул тууралуу 21-июнда тегерек столдо финансы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.**

Ал белгилегендей, алгач долбоор иштелип жатканда насыянын көлөмү кыйла азыраак болгон. Микробизнес үчүн **150 миң сомго чейин, чакан жана орто бизнес үчүн 850 миң сомго чейин** берилет деп болжолдонгон. Бирок коммерциялык банктар тарабынан каражаттардын өздөштүрүлүшү өтө начар жүргөндүктөн, Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы талкууда **микробизнес үчүн бул сумманы 250 миңге чейин, ал эми кичи жана орточо бизнес үчүн 1 млн сомго чейин** көтөрүү чечилген.

> «Жакында экинчи фаза башталат, дагы 50 млн доллар кошумча каражат бөлүнөт, ошондо кредиттерди чакан жана орто бизнес үчүн 3 млн сомго, микробизнес үчүн 1 млн сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Жана белгилеп кетким келет, мурда насыялар 18 айга берилип келген, бирок экинчи этаптан баштап бул мөөнөттү үч жылга чейин көбөйтөбүз”, – деди Руслан Татиков.