> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «РСК Банк» 1 млрд сомго кошумча капиталдаштырылат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/rsk-bank-1-mlrd-somgo-koshumcha-kapitaldashtyrylat/
- Published: 2022-06-24T10:38:44.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«РСК Банк» ААКсынын (мамлекеттин үлүшү 100%) акционерлери 1 млрд сомдук кошумча** **акцияларды чыгарып, финансы-кредиттик мекеменин уставдык капиталын көбөйтүүнү чечишти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФР) сайтында маалым болду.**

1 млрд сомго кошумча капиталдаштыруу чечими 20-июндагы акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды.

Маалым болгондой, номиналдык баасы 500 сомго барабар жөнөкөй акциялар 2 млн нускада кагазсыз формада чыгарылат.

> Акциялардын кошумча эмиссиясы жайгаштырылгандан кийин “РСК Банктын” уставдык капиталы **7 млрд 79 млн сомго** жетет.