> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд Арабиясынын айыл чарба министри менен Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/saud-arabiyasynyn-ajyl-charba-ministri-menen-kyrgyzstandan-ajyl-charba-produkciyasyn-eksporttoo-maselesi-talkuulandy/
- Published: 2022-06-24T13:24:31.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:39:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**20-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эр-Риядда Сауд Арабиясынын айыл чарба министри Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Тараптар эл аралык күн тартибинин маанилүү аспектилери, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана гуманитардык кризис боюнча пикир алышышты.

> Кулубаев өз кезегинде кыргыз тарап **Сауд Арабиясына ата мекендик** **продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар** экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөгө тең пайдалуу биргелешкен долбоорлорго күч-аракетин жумшап, дайыма байланышта болууну макулдашышты.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/7ac1005d-326f-37b3-ab71-dd80c9b0612e.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/7ac1005d-326f-37b3-ab71-dd80c9b0612e.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/f4015c81-fc01-364e-8be4-c0dd63b94279.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/f4015c81-fc01-364e-8be4-c0dd63b94279.jpeg)