> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 300 млн доллардык күн электр станциясы курула баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/ysyk-k-ld-300-mln-dollardyk-k-n-elektr-stanciyasy-kurula-bashtady/
- Published: 2022-06-24T14:38:11.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВ, инвестициясы 300 млн долларга барабар күн электр станциясынын курулушу башталды. 21-июнда курулушка капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү, деп билдирди Казакстан элчилигинин басма сөз кызматы.**

Буга чейин кайра жаралуучу энергия тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенген казакстандык **«ТехноГруппСервис»** ЖЧШ инжиниринг компаниясы кыргызстандык **«Бишкек Солар»** компаниясы үчүн күн электр станциясын жана электр энергиясын өндүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны курары белгилүү болгон.

> Кубаттуулугу 50 МВт күн станциясын куруу боюнча долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) жана казакстандык AIFC Green Finance Centre Ltd компаниясынан [каражаттар тартылууда](http://localhost/info-portal/novosti/2022/05/27/evrazijskij-bank-razvitiya-profinansiruet-stroitelstvo-pervoj-solnechnoj-stancii-v-kyrgyzstane/).

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө бул долбоор “жашыл” энергетика тармагында казак-кыргыз кызматташтыгы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөлөргө **бийик экологиялык стандарттарга жараша энергия менен камсыздоо маселелерин биргелешип чечүүгө** жардам берерин белгиледи.

> «Бул долбоорду ишке ашыруу жашыл энергетикага мындан ары инвестиция тартууга, өлкөлөрүбүздүн күн жана шамал потенциалын натыйжалуу пайдаланууга түрткү берет», – деп кошумчалады Жошыбаев.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-57-1024x538.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-57.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/289195021_344985587808308_7042111472282083058_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/289195021%5F344985587808308%5F7042111472282083058%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/288887600_344985564474977_6135695576063005138_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/288887600%5F344985564474977%5F6135695576063005138%5Fn.jpeg)