> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Зергерчилик бизнесинин өкүлдөрү ККМге каршы митингге чыгышты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/24/zergerchilik-biznesinin-k-ld-r-kkmge-karshy-mitingge-chygyshty/
- Published: 2022-06-24T13:57:48.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Зергерчилик бизнесинин өкүлдөрү бүгүн, 24-июнда, Бишкектеги Максим Горький атындагы аянтка ККМ орнотууга каршы митингге чыгышты, деп билдирет [24.kg](https://24.kg/obschestvo/237976%5Fvbishkeke%5Fbiznesmenyi%5Fvnov%5Fvyishli%5Fnamiting%5Fprotiv%5Fustanovki%5Fkkm/).**

> «Биз кассалык аппараттарды орнотууга каршы чыгып, патентти калтырууну талап кылып жатабыз. Биз патенттин баасын көтөрүүгө каршы эмеспиз. Азыр 2800 сом турат, 5-6 миң кылышсын, макул. Өлкөдө 1.5-2 миң зергерчилер иштейбиз. Бизде акча көп айланат, бирок киреше аз, анткени алтын кымбат. Жылына 8 млн сомдук босого жана кассалык аппараттар менен биз жөн гана иштей албай калабыз”, – дейт акциянын катышуучусу Анара Аширбаева.

Катышуучулар мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бизнес четте калып калганын, ишкерлердин пикирине эч ким кулак салбаганын белгилешти.