> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 30 жыл ичинде Германия экономика жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 400 млн евродон ашык каражат бөлгөн
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/30-zhyl-ichinde-germaniya-ekonomika-zhana-salamattykty-saktoonu-n-kt-r-ch-n-kyrgyzstanga-400-mln-evrodon-ashyk-karazhat-b-lg-n/
- Published: 2022-06-27T17:16:37.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:42:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

30 жылдык кызматташтык мезгилинде Германия Кыргызстанга экономика жана саламаттыкты сактоону туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна 400 млн евродон ашык каражат бөлгөн. Бул тууралуу маалымат 23-июнда Экономика министрлигинде өткөн өкмөттөр аралык кеңешмеде айтылган.

Кыргыз делегациясынын жетекчиси – Экономика министринин орун басары **Канат Абдрахманов** Германия Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеген.

> Ошондой эле Германия өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда көптөгөн долбоорлор ишке ашырылгандыгы белгиленди. Алардын жыйынтыгы болуп: жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын кирешелеринин өсүшүн камсыз кылуу, КР экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу саналат.

Өз кезегинде германиялык делегациянын башчысы **Дагмар Кренц** Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин жетекчилиги кызматташууну уланткысы келерин баса белгиледи. Бул үчүн европалык, көп тараптуу, аймактык жана өкмөттүк эмес инструменттер кенен колдонулмакчы.