> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Avelum Partner аталган белгисиз компанияга «Солтон-Сары» кенинин калдыктарын кайра иштетүү тапшырылды - рудникке Садыр Жапаров барды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/avelum-partner-atalgan-belgisiz-kompaniyaga-solton-sary-keninin-kaldyktaryn-kajra-ishtet-tapshyryldy-rudnikke-sadyr-zhaparov-bardy/
- Published: 2022-06-27T17:57:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:11:44.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Avelum Partner компаниясы «Кыргызалтын» ААКсына (мамлекеттик үлүшү 100%) тиешелүү болгон “Солтон-Сары” кенинин калдыктарын алтын өндүрүү үчүн кайра иштетмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, президент Садыр Жапаровдун кенге болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.**

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо-кен иштеринин көлөмү, бюджетке төлөмдөр, ошондой эле өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү, **Avelum Partner** компаниясы тарабынан бөлүнүүгө пландалган кошумча каражаттар тууралуу маалымат менен таанышты. 

Economist.kg-ге белгилүү болгондой, учурда “Алтын-Төр” участогунда «Солтон-Сары» кен ишканасы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсы өнөктөштүк келишимдин негизинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

> «Солтон-Сары» кенинин иштөө мөөнөтүн узартуу максатында 2021-жылдын 20-декабрында **«Кыргызалтын» ААКсы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсынын ортосунда жөнөкөй өнөктөштүк келишими түзүлгөн**», — деп билдиришти Economist.kg басылмасынын булактары.

Бул келишимде “Солтон-Сары” кенинин “Алтын-Төр” участогунда **техногендик түзүлүштөрдү** (учурдагы калдык сактоочу жайлар жана иштетүүгө жараксыз тоо катмарлары) **кайра иштетүү** боюнча биргелешкен комплекстүү кызматташуу каралган.

Жаңы өнөктөштүктө “Кыргызалтындын” үлүшү **35%** деп белгиленсе, “Avelum Partner” **65%**дык үлүштү алган.

> Белгилей кетсек, **буга чейин бөлөк компаниянын катышуусу жана калдыктарды кайра иштетүү боюнча келишим түзүлгөнү тууралуу эч нерсе айтылган эмес**. Өнөктөш тандоо боюнча сынак өткөрүлгөнбү же жокпу, белгисиз. Avelum Partner мурда кен иштеп чыгуучу компания катары эч жерде эскерилген эмес.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/01-1024x613.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/01-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/05-1024x647.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/05-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/04-1024x571.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/04-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/03-1024x608.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/03-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/02-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/02-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/08-1024x610.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/08-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/07-1024x599.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/07-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/12-1024x925.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/12-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/21-1024x486.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/21-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/19-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/19-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/20-1024x683.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/20-scaled.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-5-6-1024x538.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-5-6.png)

## Avelum Partner жөнүндө эмне белгилүү? 

  
**Avelum Partner ЖЧК** 2020-жылдын 1-июнунда катталып, 2022-жылдын 8-февралында кайра катталган.

Негизги иши: түрдүү минералдык сырьё жана курулуш таштарын казып алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.

Коомдун уюштуруучулары болуп эки юридикалык жана эки жеке жак саналат:

- **Хира Инфра-Тек Лимитед**
- **МЕД ЭДУ КЕЙР МАРКЕТИНГ МЕНЕДЖМЕНТ**
- **Акбергенов Искандер Абылкеримович**
- **Акматова Аида Абасовна**

Ишкананын директору – Матеев Канатбек Курбангалиевич.

[OsOO.kg](https://www.osoo.kg/inn/00106202010191/) порталынын ачыкталган маалыматына ылайык, 2021 жана 2022-жылдары уюштуруучулар алмашкан. Ага чейин компаниянын ээлеринин катарына: **«Индо-Кыргыз Инвестмент Групп» ЖЧК, Ядав Сунил, Рацлав Марина Александровна** жана **Миндубаев Ренат Муратович** кирген.

Ушул жылдын 8-февралына чейин директор болуп **Марина Рацлав** иштеген.

Директор жана уюштуруучулар алмашканга чейин компаниянын негизги ишмердүүлүгү “Дүң соода” болгон.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Avelum Partner ЖЧКсынан Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салык жана жыйымдар **28 миң сомду** түзгөн. Быйылкы жылы чегерүүлөрдүн көлөмү **16.6 млн сомго** чейин өскөн.