> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин жаңы түндүк айланма жолунун долбоорун Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы иштеп чыгат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/bishkektin-zha-y-t-nd-k-ajlanma-zholunun-dolboorun-kytajdyn-zholdordu-zhana-k-p-r-l-rd-kuruu-korporaciyasy-ishtep-chygat/
- Published: 2022-06-27T10:30:45.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:27:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы (CRBC) Бишкектин жаңы түндүк айланма жолун куруу долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Ведомстводон билдиришкендей, 24-июнда Транспорт министрлиги менен CRBC ортосунда узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча **инвестициялык макулдашууга** кол коюлган.

> Бул келишимдин алкагында CRBC «Бишкек шаарын жана Чүй облусунун калктуу конуштарын айланма түндүк автожолун реконструкциялоо» долбоорунун **техникалык-экономикалык негиздемесин** даярдайт.

Ошондой эле, келишимдин шарттарына ылайык, CRBC **каржылоо** боюнча консультациялык иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле жаңы жолдун трассасынын боюндагы **жерлерди алуу жана жылдыруу** боюнча алдын ала изилдөө жүргүзүүгө милдеттенет.

Инвестициялык алкактык макулдашууга транспорт министри **Эркинбек Осоев** менен Кытайдын жол жана көпүрө куруу корпорациясынын (CRBC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору **Хоу Хусян** кол коюшту.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-3.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-3.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/image-2.jpeg)

> Эскерте кетсек, апрель айында министрдин орун басары Таабалды Тиллаев: “Оңдоо иштерине 150 млн доллар керектелет. Чүй облусундагы айланма жолдун узундугу МАИ постунан Кеминге чейин 105 км түзөт. Ал реконструкциядан кийин гана төлөнө турган жол болот. Маршрут эл аралык стандарттарга жооп берет”, – деп [айткан ](https://kaktus.media/doc/458697%5Fmintrans%5Fnazval%5Fdorogi%5Fkotorye%5Fstanyt%5Fplatnymi.html)эле.