> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда дүң соода дароо 15.3%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/kyrgyzstanda-d-sooda-daroo-15-3-ga-st/
- Published: 2022-06-27T10:53:30.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын январь-май айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүшү 8.8%ды түздү. Бул мөөнөттө өлкөнүн ишкерлери 218 млрд 38 млн сомдук (азыркы курс боюнча 2.7 млрд долларга жакын) соода жүргүзүшкөн, деп билдирет Улутстатком.**

Отчеттук мезгилде өзгөчө **дүң соода** өскөн – өсүш дароо **15.3%га жеткен**. Ал эми **чекене** товар жүгүртүү **5.2%га** көбөйгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-май айларында дүң жана чекене соодада бир аз көбүрөөк – 9%дык өсүш байкалган.