> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан көп накталай доллар ташылып жатат – Улуттук банк
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/kyrgyzstandan-k-p-naktalaj-dollar-tashylyp-zhatat-uluttuk-bank/
- Published: 2022-06-27T12:37:55.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандан накталай АКШ долларын ири көлөмдө алып чыгуу уланып, алардын тартыштыгын жаратууда. Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлдөрү акча которууларды алуу боюнча жарандардан улам түшкөн арыздар жөнүндө комментарий берип жатып билдиришти.**

Улуттук банк 18-апрелден тартып акча которууларды жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилгенин эске салды. Эми эл аралык акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну Кыргызстандагы алуучуга берүү жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валюта – сом менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда Улуттук банк акча которуулардын көлөмүнө эч кандай чектөө койгон эмес.

**Россиядан жана Казакстандан доллар түрүндө** (накталай эмес формада) **акча которуу** системалары аркылуу келип түшкөн каражаттар **кескин көбөйгөндүктөн**, жаңы эрежелер киргизилген эле.

> «Кыргызстанга чет өлкө валютасын алып кирүүгө/алып чыгууга тыюу салынбагандыгын колдонушуп, алуучулар валюта түрүндө которулган акчаларды валюта түрүндө алышып, **ири өлчөмдөгү накталай долларды өлкөнүн чегинен тышка ташып келишкен жана ташып жатышат**, бул КР финансы рыногунда накталай АКШ долларынын жетишсиздигине алып келди», – деп билдирди Улуттук банк.