> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саламаттыкты сактоо министрлиги ЕӨБ грантына 40 тез жардам унаасын сатып алат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/27/salamattykty-saktoo-ministrligi-e-b-grantyna-40-tez-zhardam-unaasyn-satyp-alat/
- Published: 2022-06-27T14:59:35.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саламаттыкты сактоо министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) 3 млн доллардык грантына 40 тез жардам унаасын сатып алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди, деп маалымдайт [24.kg](https://24.kg/vlast/238214%5Fminzdrav%5Fzakupit%5Fsanitarnyiy%5Favtotransport%5Fireanimobili%5Fnagrant%5F/).**

Анын айтымында, 2 млн долларга **50 миң доллардан** 40 реанимобиль сатып алуу пландаштырылууда, алар калк жыш жайгашкан шаарларга бөлүнөт, ал эми линиялык транспорт тоолуу аймактарга жөнөтүлөт.

> «Биз санитардык авиация кызматына **14 миң доллардан** 70 унаа сатып алууга 1 млн доллар коротууну көздөп жатабыз. Тоолуу аймактарда жүрүүгө ыңгайлуу болгон бардык рельефтик машиналарды сатып алсак жакшы болот. Азыр тез жардам транспортунда 103 унаа бар, бизге 246 унаа керек», – деди Касымбеков.