> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы Нур-Султандан Бишкекке үзгүлтүксүз каттай баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/kazakstandyn-flyarystan-aviakompaniyasy-nur-sultandan-bishkekke-zg-lt-ks-z-kattaj-bashtady/
- Published: 2022-06-28T12:55:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:28:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Казакстандын FlyArystan авиакомпаниясы Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамын ачты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын (Кыргызстандын бардык аэропортторунун оператору) басма сөз кызматы билдирди.**

> FlyArystan **жумасына эки жолу** – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү каттайт. Учуу убактысы – 2 саат.

Белгилей кетсек, учурда Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды казакстандык **Air Astana** авиакомпаниясы гана аткарат. Ал **жумасына төрт жолу** – дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү учат.