> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда карыздарды сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматы пайда болду
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/kyrgyzstanda-karyzdardy-sot-atkaruuchular-arkyluu-teksher-kyzmaty-pajda-boldu/
- Published: 2022-06-28T10:20:49.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**27-июнда Санариптик трансформация министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинде “Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү” жаңы кызматынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Бет ачардын жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов белгилегендей, бул демилгенин аркасында жарандар электрондук форматта маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

> Мисалы, жаран башка өлкөгө учарда анын мамлекетке карызы барбы, жокпу, текшерсе болот. Ошондой эле бул электрондук кызмат аркылуу соттолбогондугу жөнүндө справка алса болот.

Кызмат Мамлекеттик порталдын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. **Авторизациясыз** карыз текшерүүдө бул кызмат төмөнкү маалыматты берет: аткаруу ишинин номери, иш жайгашкан соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) аталышы жана анын дареги.

Ал эми **авторизациядан өткөн** колдонуучулар карыздар жөнүндө кененирээк маалымат ала алат:

- Карызкордун толук аты-жөнү.
- САКБ аттары.
- Аткаруучу дело жайгашкан САКБ дареги.
- Аткаруу номери.
- Сот аткаруучунун телефон номери.
- Сот аткаруучунун кызматы.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290641953_339460098367289_8289403930216926858_n-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290641953%5F339460098367289%5F8289403930216926858%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290781648_339460061700626_740511745151076311_n-1024x682.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290781648%5F339460061700626%5F740511745151076311%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290500996_339460135033952_1472715885369138783_n-1024x682.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290500996%5F339460135033952%5F1472715885369138783%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290778190_339460115033954_6385074111434242934_n-1024x683.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/290778190%5F339460115033954%5F6385074111434242934%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-81-1024x538.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-81.png)