Кыргызстанда карыздарды сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматы пайда болду
27-июнда Санариптик трансформация министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинде “Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү” жаңы кызматынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бет ачардын жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов белгилегендей, бул демилгенин аркасында жарандар электрондук форматта маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мисалы, жаран башка өлкөгө учарда анын мамлекетке карызы барбы, жокпу, текшерсе болот. Ошондой эле бул электрондук кызмат аркылуу соттолбогондугу жөнүндө справка алса болот.
Кызмат Мамлекеттик порталдын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Авторизациясыз карыз текшерүүдө бул кызмат төмөнкү маалыматты берет: аткаруу ишинин номери, иш жайгашкан соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) аталышы жана анын дареги.
Ал эми авторизациядан өткөн колдонуучулар карыздар жөнүндө кененирээк маалымат ала алат:
- Карызкордун толук аты-жөнү.
- САКБ аттары.
- Аткаруучу дело жайгашкан САКБ дареги.
- Аткаруу номери.
- Сот аткаруучунун телефон номери.
- Сот аткаруучунун кызматы.