> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/kyrgyzstandyktardyn-35-y-zhumushta-telefongo-alaksyjt/
- Published: 2022-06-28T14:32:54.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Сизди жумуштан эмне алаксытат?” деген темада HeadHunter жумуш издөөчү онлайн-платформасы өзүнүн [headhunter.kg](https://bishkek.headhunter.kg/) сайтында кыргызстандык кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 278 респондент катышкан.**

  
Көптөгөн нерселер жумуштан алаксытып, жумушту өз убагында бүтүрүүгө жолтоо болот. Кеңседе иштөөдө да, алыстан иштөөдө да мындай факторлор көп.

> Баарынан да кыргызстандыктар **интернетке көз каранды.** Жумуш учурунда мессенджерлерге жана социалдык тармактарга алаксып кетерин сурамжылоого катышкандардын **35%ы моюнга алган**. Алардын ичинде:

- 20%ы ар бир беш мүнөт сайын телефонун текшерет;
- 21%ы ар бир жарым саатта текшерет;
- жана 31%ы – саатына бир жолу телефон тиктейт.

Ошол эле учурда, өзүнүн мындай “кибер-көз карандылык” жаман адаты менен респонденттердин 45%ы күрөшүп келет. Жумуш күн убагында 14%ы телефонун такыр карабайт, дагы 5%ы жумуш учурунда чалууларга жооп бербейт. Калгандары так жооп айта албай коюшкан. 

Респонденттерге социалдык тармактарды жана почталарды тынымсыз текшерүүдөн (35%) тышкары

- **уйкучулдук (21%),**
- **кечигүү (13%),**
- **тамеки тартуу (16%),**
- **улам тамак жегиси келүү (9%)** жолтоо болот.

Респонденттердин **6%ы** гана ишинде эч нерсеге **алаксыбайт** экенин айтышкан.