> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholunun-aldyn-ala-marshrutu-ataldy/
- Published: 2022-06-28T16:41:20.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Торугарт – Макмал – Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн. Мындай алдын ала маршрутту бүгүн, 28-июнда, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин жыйынында көрсөттү.**

Анын айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип бүтөт.

> «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору – уникалдуу долбоор, аны ишке ашырууга биз өзгөчө көңүл бөлөбүз. Тиешелүү мамлекеттик органдар керектүү даярдык иштерин өз убагында бүтүрүүсү зарыл”, – деди минкаб төрагасы Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол линиясы үч өлкөнүн темир жолдорун, андан ары Перс булуңунун өлкөлөрүн, Түркия Республикасын европалык темир жол тармагы менен байланыштырышы керек.