> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Солтон-Сары кенине 1000 евролук куртка кийип барган
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/sadyr-zhaparov-solton-sary-kenine-1000-evroluk-kurtka-kijip-bargan/
- Published: 2022-06-28T18:04:46.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаровдун гардеробу 1000 евро турган дагы бир күрмө менен толукталды. [Factcheck.kg](https://factcheck.kg/ky/garderob-sadyra-zhaparova-eshhe-odna-kurtka-ot-italyanskogo-brenda-za-e1000/)\-нин журналисттери кечээ, 27-июнда, Солтон-Сары кенине барган мамлекет башчынын кийген кийимин изилдеп көрүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.**

Мамлекет башчысынын күрмөсүн карап чыккан журналисттер **италиялык MOORER брендинин** этикеткасын байкашкан. MOORER сайтында ошол эле куртканы 1020 евро же Улуттук банктын курсу боюнча 85.8 миң сомго табышкан.

Продукциянын сүрөттөмөсүндө бул каздын жүнү менен тигилген Acqua линиясындагы пальто-бушлат (узундугу 72 см) экени айтылат.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kurtka2-1024x607.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kurtka2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kurtka-1024x610.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kurtka.jpg)

Ошондой эле Жапаров май айында баасы 1000 евродон бир аз ашкан замша жана меринос жүнүнөн жасалган куртка [кийип жүргөнүн](https://factcheck.kg/ky/novaya-kurtka-sadyra-zhaparova-iz-steganoj-zamshi-i-shersti-merinosa/) Factcheck.kg эске салат. Кошумчалай кетсек, март айында Желек күнүн белгилөө учурунда өлкө башчысы [4 миң долларга](https://factcheck.kg/ky/foto-dnya-sadyr-zhaparov-v-dozhdevike-iz-shelka-i-kashemira-za-4-tysyachi-na-prazdnovanii-dnya-flaga/) жибек жана кашемирден тигилген пальто менен жамгырда калган.

Кошумчалай кетсек, Жапаров 2021-жылдын күзүндө базардагы сатуучулар менен жолугушууга [6 миң доллар](https://factcheck.kg/ky/sadyr-zhaparov-poshel-na-vstrechu-s-prodavczami-rynka-v-kurtke-za-6-tysyach-2/)дык куртка кийип барган. Интернетте президенттин жана аны коштогондордун [105 миң сомдон](https://kaktus.media/doc/452094%5Ffoto%5Fdnia:%5Fstoimost%5Fgornolyjnyh%5Fkyrtok%5Fsadyra%5Fjaparova%5Fi%5Fpervoy%5Fledi%5Fstrany.html) ашык баадагы лыжа кийимдери да талкууланган эле. Ал эми 2020-жылдын октябрынын аягында социалдык тармактын колдонуучулары Жапаров баасы [3000 доллар](https://kaktus.media/doc/424367%5Fa%5Fskolko%5Fstoit%5Fvasha%5Fjiletka%5Fsadyr%5Fjaparov%5Fslychayno%5Finiciiroval%5Ffleshmob%5Fv%5Fsocsetiah.html) Kiton фирмасынын жилетин кийип жүргөнүн байкашкан. Ал анда президенттин милдетин аткаруучу болчу.