> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө туристтер үчүн колл-центрлер күнү-түнү иштейт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/28/ysyk-k-ld-turistter-ch-n-koll-centrler-k-n-t-n-ishtejt/
- Published: 2022-06-28T13:23:30.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлдө туристтер үчүн төрт тилде: англис, түрк, орус жана кыргыз тилдеринде call-борборлор күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматы билдирди.**

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик милициясынын колл-центринин номери: 0705 009 102.  
Кошумчалай кетсек, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоого күн сайын 5 миңден ашык милиция кызматкерлери жана миңден ашык ыктыярдуу элдик кошуундар тартылууда.

Кордай (Казакстан) – Бишкек, “Манас” аэропорту – Бишкек, Түндүк айланма – Бишкек, Бишкек – Балыкчы – Каракол, Ош – Бишкек, Ош – Чоң-Алай, Ош – Баткен, Бишкек – Торугарт жолдоруна МАИнин мобилдик посттору чыгарылды. Алардын баары Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматтык кайгуул унааларында болушат, борттук номерлери жана ишеним телефондору унаанын кузовунда көрсөтүлөт.

Мындан тышкары автотранспорттук колонналарды, расмий делегацияларды жана жаш балдарды эс алуу жайларына жана кайра артка коштоп баруу уюштурулган.

## Коомдук тартипке жана туристтердин коопсуздугуна жооптуу милиция кызматкерлеринин тизмеси

##