> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын мэриясы июль айында велосипед жана самокат ижарага берүүчү 80 пункт ачат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/29/bishkek-shaarynyn-meriyasy-ijul-ajynda-velosiped-zhana-samokat-izharaga-ber-ch-80-punkt-achat/
- Published: 2022-06-29T10:25:52.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:24:23.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы “Велошеринг – эс алуунун жакшы жолу” аталган пилоттук долбоорун баштайт.**

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, департамент экологиялык жактан таза транспортту **ижарага берүүчү 80 пункт** уюштурган.

> **Июль айынын башынан** баштап, мобилдик колдонмо аркылуу велосипед, самокат жана электросамокат ижарага алууга болот.

Долбоор Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле жарандардын арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.