> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркияда казинолор 1996-жылдан бери жабык - элчилиги Кыргызстандагы талкууларда Түркияны мисал келтирбөөнү суранат
- URL: https://im.kg/all/2022/06/29/t-rkiyada-kazinolor-1996-zhyldan-beri-zhabyk-elchiligi-kyrgyzstandagy-talkuularda-t-rkiyany-misal-keltirb-n-suranat/
- Published: 2022-06-29T14:05:14.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:50:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин “Түркияда казинолор иштейт” деген сөзүнө Түркия элчилиги жооп берди. Дипломатиялык өкүлчүлүк анын сөздөрүн орунсуз деп эсептейт.

> «Кыргызстанда казино ачуу боюнча ички саясий талкуулар Кыргызстандын ички иши. Саясий талкууларда бул багытта Түркияны мисал келтирип, Түркияда казинолор ачык деп кыргыз коомчулугуна айтуу туура эмес болуп эсептелет. **Түркиядагы казинолор өкмөттүн чечими менен 1996-жылы жабылган**», – деп билдирди элчилик.

Белгилей кетсек, Абыкеев буга чейин “Биринчи радиого” берген маегинде: «Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Түркия, Иран сыяктуу ислам динин карманган бир катар мамлекеттерде казинодо ойношот, бирок алардын баары кумар оюндарына берилип кеткен жок», – деп айткан эле.