> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Венгриялык компания Кыргызстанда бал өндүрүү тууралуу тасма тартып, Европада көрсөтөт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/29/vengriyalyk-kompaniya-kyrgyzstanda-bal-nd-r-tuuraluu-tasma-tartyp-evropada-k-rs-t-t/
- Published: 2022-06-29T11:25:11.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:37:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абад облусунда глэмпинг лагерин ачкан венгриялык Fulmer Apiary компаниясы Кыргызстандагы бал аарычылык жөнүндө кыска метраждуу тасма тартууну пландоодо. Бул лагерь тоо балын чогултуу процессин уюштуруу үчүн жана компаниянын кызматкерлерин жайгаштыруу үчүн ачылган.** 

Бул тууралуу маалыматты глэмпинг лагерин ачууга жардам берген Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ВКӨФ) басма сөз кызматы билдирди.

> Компания тартылган тасманы **Европа өлкөлөрүндө көрсөтмөкчү**. Бул үчүн Кыргызстанга Венгриядан атайын тасма тартуучу топ келет.

ВКӨФ венгриялык Fulmer Apiary компаниясы 1929-жылы негизделип, бал өндүрүү жана аны кайра иштетүү боюнча Европадагы лидерлердин бири экенин белгиледи. Быйылкы жылдын 30-мартында Fulmer Apiary Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачкан.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-7-6-1024x538.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/kg.economist.kg-7-6.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/photo1656313621-1024x768.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/photo1656313621.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/photo1656313423-1024x682.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/06/photo1656313423.jpeg)