> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл тургундары өз алдынча онлайн-курстарды ача башташты
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/ajyl-turgundary-z-aldyncha-onlajn-kurstardy-acha-bashtashty/
- Published: 2022-06-30T14:47:31.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Аймактардын жашоочулары эки ай мурун өткөн тренерлер үчүн тренингден кийин (ТоТ) санариптик көндүмдөр боюнча өз алдынча** **онлайн-курстарды ача башташты.**

«Санариптештирүү аркылуу айыл жамааттары үчүн ачык келечек куруу» аталган DigiKonush долбоорунун алкагында муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, жаштар жана активисттер үчүн 19-27-апрель күндөрү ТОТ өткөрүлгөн эле. Алыскы аймактардын тургундары ОшМУнун, БатМУнун жана ЫМУнун базасында толук жабдылган, заманбап Санариптик көндүм борборлорунда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

> Ошентип, Рахат Жусумамбетова «Санарип коопсуздукка 5 кадам» курсун түзгөн. Бишкек шаарындагы N98 кесиптик лицейдин мугалими Керимбек кызы Элнура SMM адистиги боюнча сабак берсе, Ош районундагы Мырза-Аке айылынын өкүлү Тахмина Кадырова Power Point, Excel, Mail.ru.cloud, Google-диск жана Canva сыяктуу куралдарды колдонууну үйрөтөт. Барскоон айылынын дагы бир 56 жаштагы активисти Нуржамал Эралиева компьютердик сабаттуулук боюнча курс ачкан.
> 
> Күндөй Абдуллаева жана Айдахан Кубанычбекова баш болгон бир катар катышуучулар DigiKonush долбоорунун Youtube-каналынан ТОТ материалдарын өз алдынча үйрөнүп, Open Source, Open Office, Linux, Gimp, электрондук капчыктарды колдонууну үйрөткөн өз курстарын иштеп чыгышкан. Дагы бир катышуучу Бөкөнбаев айылынан келген Нурлан Сейитбеков промо-компаниялар үчүн креативдүү роликтерди тартат.

Жалпысынан алганда, тренингдин жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан алты адам өз курстарын иштеп чыгышты.

Бул үйрөнүү курстарынын башкы өзгөчөлүгү – алар кыргыз тилинде түзүлгөндүгү. Алар айыл тургундарынын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

---

DigiKonush санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү долбоору Кыргызстандын аймактарындагы, атап айтканда Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы аялдар менен жаштарга багытталган.