> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызиндустрия» демилгеси астында компьютерлерди, Wi-Fi роутерлерин жана кассалык машиналарды чыгаруу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/kyrgyzindustriyanyn-dem-rch-l-g-menen-kompjuterlerdi-wi-fi-routerlerin-zhana-kassalyk-mashinalardy-chygaruu-plandaluuda/
- Published: 2022-06-30T17:31:56.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:43:05.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызиндустрия» ААКтын алдында кийим-кече жана эмерек жасоо тармагы үчүн аксессуарларды жана көмөкчү материалдарды чыгаруу, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерин, кассалык машиналарды жана персоналдык компьютерлерди чогултуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда, парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.**

Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларды өнүгүү куралы катары кароо керек, алар экономиканын локомотиви болушу керек.

> «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат», – деди Жапаров.

Минкаб башчысы Туризмди өнүктүрүү фонду да түзүлүп, быйыл 34 долбоорду, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоорлорду ишке ашыра баштаарын эскертти.

Ошондой эле анын айтымында токтоп турган Кара-Балта килем комбинатынын негизинде синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди, тигилген буюмдарды чыгаруу боюнча текстиль кластери ишке киргизилгени жатат. Пахта-текстиль кластерин түзүү маселеси да иштелип жатат.

> «Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан аларды кайра ишке киргизүүгө өттүк. Маселен, Майлы-Суудагы электр лампа заводун мамлекет кайтарып, аны модернизациялоого **1 млрд сом** каралган. Кара-Балтадагы оңдоочу завод, Кара-Балта шаарындагы «Даназык» мамлекеттик ишканасы да мамлекетке кайтарылды. Токтоп калган ишканаларды кайра ишке киргизүү даярдалып жатат», – деди ал.