> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан насыяларын төлөбөсө, Бишкек ТЭЦи, «Датка-Кемин» жана «Түндүк-Түштүк» жолу башкаларга өтүп кетет - Акылбек Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/kyrgyzstan-nasyyalaryn-t-l-b-s-bishkek-teci-datka-kemin-zhana-t-nd-k-t-sht-k-zholu-bashkalarga-t-p-ketet-akylbek-zhaparov/
- Published: 2022-06-30T10:04:56.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:31:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан тышкы насыяларды төлөбөсө, Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин” электр чубалгысы жана “Түндүк-Түштүк” жолу бөлөктөрдүн колуна өтүп кетет. Бул тууралуу кечээ, 29-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин маалыматын кароодо минкаб башчысы Акылбек Жапаров билдирди.**

Жыйында минкаб башчысы мамлекеттик карызды төлөбөсөк, кандай тобокелдиктер бар экенин эске салды, деп билдирет [«Азаттык»](https://rus.azattyk.org/a/31921325.html) радиосу.

Анын айтымында, 2023-жылдан 2028-жылга чейин **жыл сайын 400 млн доллардан 460 млн долларга чейин төлөп туруу зарыл**, анын 80%дан ашыгы – тышкы карыз.

> «Эмне үчүн бюджетти көбөйтүү зарылдыгын айтып жатабыз? Анткени жакынкы 5 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 35 млрд сомдон 50 млрд сомго чейин бөлүшүбүз керек. Тышкы карызыбыздын 50%дан ашыгын **Кытайдын Эксимбанкына төлөшүбүз керек**. Ошондуктан кийинки 5 жылда кайсыл каражаттардан төлөшүбүздү ойлонушубуз керек.
> 
> Мен муну коркутуу үчүн айтып жаткан жокмун, бирок акчаны төлөй албасак, анда Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин”, “Түндүк-Түштүк” жолу сыяктуу объектилерди башкаруу бөлөк адамдардын колуна өтүп кетет. Тагыраак айтсак, Эксимбанк тандаган башкаруучу компаниянын колуна өтөт», – деди Жапаров.