> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык ишкерлердин чет элдик көргөзмөлөргө катышуусуна 100 млн сом бөлүү пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/kyrgyzstandyk-ishkerlerdin-chet-eldik-k-rg-zm-l-rg-katyshuusuna-100-mln-som-b-l-plandaluuda/
- Published: 2022-06-30T11:52:16.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:33:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экспортту өнүктүрүү программасынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуусу саналат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Economist.kg-ге берген маегинде билдирди.**

Экспортту өнүктүрүү программасынын алкагында биздин өндүрүүчүлөрдүн экспортуна дем берүү максатында келерки жылга каражат бөлүнүүдө.

> «Эмне стимул болмокчу? Биздин продукциялар менен ири эл аралык көргөзмөлөргө катышуу жана потенциалдуу рынокторду издөө. Менимче, бул көргөзмө-жарманке иш-чаралары экспортту көбөйтүүгө олуттуу жардам берет. Биринчи этапта биз азыр 5тен 10го чейин экспорттук товарларды аныктап жатабыз, аларга биз жигердүү түрткү бере баштайбыз – бул айыл чарба, жеңил өнөр жай, балким машина куруу жана туризм тармагы болот», – деп түшүндүрдү министр.

Ал ошондой эле ишкерлерге **катышуу чыгымдарынын 50%ы төлөнөрүн** билдирди.

> «Балким, экспозиция жана продукцияны жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдарды көтөрөбүз, бул азыр дагы талкууланат, бирок ансыз биздин ишканаларды чет өлкөгө алып чыгып, көрсөтүү мүмкүн эмес. Бул максатка **100 млн сомго жакын** каражат бөлүүнү пландап жатабыз», – деди Амангелдиев.

*Данияр Амангелдиев менен маекти толугу менен бул жерден окуңуз:*

*[Эмнеге азык-түлүк кымбаттап жатат, айлыктар качан көтөрүлөт жана экономикабыз эмне болот — экономика министри менен маек](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/06/29/emnege-azyk-t-l-k-kymbattap-zhatat-ajlyktar-kachan-k-t-r-l-t-zhana-ekonomikabyz-emne-bolot-ekonomika-ministri-menen-maek/)*