> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2022/06/30/kytaj-ekinchi-ajlanma-ch-j-kanalynyn-kurulushun-karzhylajt/
- Published: 2022-06-30T13:59:38.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:25.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай экинчи айланма Чүй каналынын курулушун каржылайт. Бул тууралуу 29-июнда экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолугушуусунда белгилүү болду, деп билдирет Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.**

> Тараптар Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылана турган «Экинчи айланма Чүй каналынын (ОЧК-2) курулушу», «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3-фаза)» жана «5 инженердик курулуш» (“Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу, I фаза) долбоорлору боюнча маселелерди талкуулашты.

Абдрахманов ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.

Ли Юе өз кезегинде Кытай өкмөтү **бул долбоорлордун Кыргызстан үчүн маанилүү экенин** түшүнөрүн белгилеп, ишти илгерилетүүгө жардам бергенге даяр экенин билдирди.